Жаңылыктар

9-май Улуу Ата-мекендик согуштун 76 жылдыгына карата Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде “ Эч ким эч качан унутулбайт ”   атуу темада маданий иш чара болуп өттү.

С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин 25 жылдыгына карата жана Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин таланттуу, чыгармачыл  мугалимдерин   аныктоо, аларды колдоо жана сыйлыктарга көрсөтүү максатында 29-30-апрелде “Жыл мугалими – 2021” кароо сынагы өттү. Кароо сынакка  колледждин төмөнкү жаш чыгармачыл мугалимдери активдүү катышты: Орозалиева М.М., Кожоканова Ж.А., Асранбекова А.У., Айтиева З.А., Чоробек кызы А., Мамбеталиева Г.Ж.  Мугалимдер ачык сабактарды өтүп, “Педагогикалык чеберчилик” боюнча тест тапшырышты, иш тажрыйбасы боюнча чыгармачыл презентация, окуу процессине тиешелүү документтерди даярдашты жана “Менин университетиме – 25 жыл” аттуу видеороликтерди, кол өнөрчүлүк, ыр белектерди тартуулашты. Эки күндүк кароо сынакта конкурсанттар өздөрүн өз кесибин сүйгөн ардактаган, чыгармачыл, компетентүү педагог катары көрсөтө алышты.

Кароо сынакты баалоо жана жыйынтыгын чыгаруу үчүн С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин тажрыйбалуу окумуштууларынан турган жюри иш алып барды.

Жыйынтыгында Агрардык техникалык экономикалык колледжинин “Креативдүү педагог” номинациясына Асранбекова А.У, “Компетентүү педагог” номинациясына Айтиева З.А., 3-орунду – Кожоканова Ж.А., 2-орунду – Мамбеталиева Г.Ж., 1-орунду – Орозалиева М.М. камсыз кылышты. Ал эми “Жыл мугалими – 2021” конкурсунун  эң мыкты мугалими деп  гран при—Чоробек кызы Айзаттка ыйгарылды.  Конкурсанттарга ардак грамоталар жана белектер тапшырылды. АТЭКтин жетекчилиги жана НМУнун профсоюз тарабынан  материалдык колдоо көрсөтүлдү.

2021-жылдын 28-апрелинде С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык факультетинин имаратында Япониянын JICA эл аралык уюмунун «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун алкагында Нарын облусунда «Нарын азык иштеп чыгуу-окуу цехинин» ачылышы болуп өттү. Ага КР Өкмөтүнүн Нарын облусундагы Ыйгарым Укуктуу Өкүлүлчүлүгү, JICA эл аралык уюмунун «Бир айыл, бир продукт» долбоорунун координатору Харагучи Акихиса жана долбоордун өкүлдөрү, НМУ ректору Байбагышов Эрмек Муратканович, Нарын шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Нарын райондук акимчилигини өкүлдөрү, КР Экономика министрлигинин алдындагы Нарын стандартташтыруу жана метрология борборунун өкүлдөрү, КР Экономика министрлигинин Нарын регионалдык бөлүмүнүн кызматкерлери, КР Соода-өнөр-жай палатасынын мүчөлөрү, ишкерлер, өндүрүшчүлөр, НМУнун жана Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары, студенттери, жергиликтүү маалымдоо каражаттардын өкүлдөрү катышышты.

Бул иш чарага биздин колледждин “Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы” адистигинин студенттери “Ишкердиктин негиздери” предметин өздөштүрүүдөгү даярдашкан кол өнөрчүлүк буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Харагучи Акихиса мырза коледждин студенттерине жасалган буюмдарынын сапатын жана дизайнын жакшыртуу бою өзгөчө сунуштарын жана кеңештерин берди.

Долбоордун өкүлдөрү жергиликтүү продукция өндүрүүчүлөргө, студенттерге коопсуздук эрежелерин туура сактоо жана продукцияларды “5S” стандартынын талаптарына ылайык өндүрүүдө боюнча презентация өтүштү. Иш чаранын жүрүшүндө алынган маалыматтар жана таасирлер студенттердин кесиптик билим алуусуна болгон кызыкчылыктарын кыйла жогорулатты.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасынын Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөрдү өнүктүрүү” долбоорунун алкагында Агрардык техникалык-экономикалык колледжинде “Окутуудагы компетентүүлүк мамилени ишке ашыруу технологиялары жана ыкмалары” аталышындагы педагогикалык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу максатында 22-23- апрель күндөрү семинар болуп өттү.

2021-жылдын 9-апрелинде С.Нааматов атындагы НМУнун Агрардык техникалык- экономикалык колледжинде ветеринария илимдеринин кандинаты, доцент Орозов Токтосун Султановичтин уюштуруусу менен «Инфекциялык ыландардагы профилактика жана күрөшүү чаралары» деген темада сабак конференция өтүлдү.

Жугуштуу ылаңдарга каршы профилактикалык иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү” – маселелери боюнча Нарын медициналык колледжинин “Дарылоо иши” бөлүмүнүн жана С. Нааматов атынндагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин “Ветеринария” адистиги боюнча окуп жатышкан студенттердин арасында өтүлүүчү сабак-конференциянын

Планы:

  1. Эпидемияга, эпизоотияга каршы иш-чаралардын негизги милдеттери;
  1. Эпидемияга, эпизоотияга каршы иш-чаралардын негизги принциптери;
  1. Инфекциялык (вирустук) оорулар, ылаңдар менен күрөшүүдөгү негизги багыттар;
  1. Инфекциялык (вирустук) ылаңдарга каршы жүргүзүүчү жалпы жана спецификалык профилактика;
  1. Инфекциялык (вирустук) ооруларды-ылаңдарды жок кылуу жана эпидемиялык, эпизоотиялык абалды оңдоочу чаралар.

«Инфекциялык ыландардагы профилактика жана күрөшүү чаралары» – темасында откорулуучу сабак-конференциянын программасы.

                                                         М А К С А Т Ы

       Программада көрсөтүлгөн беш маселенин, материалдардын мазмунун ачуу жана өздөштүрүү. Ушунун негизинде, студенттердин дуйнөгө болгон көз карашын, бекем нравалык инсандык позициясын калыптандыруу.

эпизоотияга, эпидемияга каршы иш-чаралардын негизки милдеттери:

  1. Адамдарды, жаныбарларды инфекциялык ылаңдардан коргоо;
  2. Мал чарбасынын коопсуз продуктыларын чыгаруу;
  3. Калкты жаныбарларга жана кишилерге тиешелүү болгон жалпы оорулардан сактоо.

 – Эпизоотияга, эпидемияга каршы иш-чаралардын негизки принциптери:

1.Эпизоотияга, эпидемияга каршы жургүзүлүүчү иш-чаралар мамлекет тарабынан жүргүзүлөт;

  1. Инфекциялык ылаңдар боюнча учет жана отчеттуулук;
  2. Иш-чаралардын профилактикалык багытталышы;
  3. Пландуулук;

5.Комплекстүүлүк;

6.Эпизоотиялык, эпидемиялык чынжырдын негизки звеносун аныктоо.

Инфекциялык ылаңдар, оорулар менен күрөшүүдөгү негизги багыттар:

1.Так диагноз коюу;

2.Божомолдонгон ылаңдын – оорунун козгогучунун булагын табуу;

3.Эпизоотиялык, эпидемиялык очоктун таралуу мүмкүнчүлүгүн аныктоо.

         -Инфекциялык ылаңдардагы, оорулардагы жалпы жана спецификалык профилактика:

А) Жалпы профилактика – бул, инфекциялык ылаңдарды профилактикалоого багытталган чарбалык, уюштуруу жана медициналык, ветеринардык –   санитардык чаралардын комплекси (мезгил-мезгили менен элди, жаныбарларды клиникалык кароодон өткөрүү, диспансеризациялоо, дезинфекцияны, дезинсекцияны, дератизацияны өткөрүү, малдын өлүктөрүн, кыкты жана мал чарбасынын калдыктарын зыянсызтандыруу, жок кылуу – утилдөө.

Б) Спецификалык профилактика – бул, диагностикалык атайын изилдөөлөр, атайын дайындалган профилактикалык жана дарылоо каражаттарын колдонуу (тоют антибиотиктер,  пробиотиктер), спецификалык каражаттарды – вакциналарды, сывороткаларды, иммуноглобулиндерди колдонуу.

Инфекциялык ылаңдарды, ооруларды жок кылуу жана эпидемиялык, эпизоотиялык абалды оңдоочу чаралар:

  1. Инфекциялык ылаңдарды, ооруларды диагноздоо методдоруа) эпизоотологиялык, эпидемиялогиялык изилдөөлөр (инфекиянын козгогучунун булагы, инфекциянын козгогучунун сактоочусу); б) клиникалык изилдөөлөр (букма мезгил, ылаңдын – оорунун өтүшү, денесинин температурасы, аппетити, былжыр челдери, лимфа бездери); в) патанатомиялык изилдөөлөр (өлуктүн абалы, организимдеги баардык системалардын абалы, теринин абалы ж.б.).
  2. 2. Карантинди же чектөөнү кийируу, оорулу кишини, ылаңдуу малды изоляциялоо.

Сабак – конференциянын катышуучулары:

  1. Нарын медициналык колледжинин дарылоо иши бөлүмүнүн студенттери;
  2. Нарын агрардык техникалык-экономикалык колледжинин ветеринария бөлүмүнүн студенттери.

Катышуучу коноктор жана социалдык партнерлор:

  1. Нарын медициналык колледжинин директору Арпачиева Төлөгүл Батыркановна
  2. Байбагышев Эрмек Муратканович НМУнун ректору, профессордун милдетин аткаруучу.
  3. Нарын медициналык колледжинин директорунун окуу иштери боюнча орун басары Ходжанова Гулмира Климовна
  4. Чоробаева Нарынкул Абдыкалыковна НМУнун окуу иштери боюнча проректору, филология илимдеринин кандидаты, профессор.
  5. Нарын медициналык колледжинин усулчусу, жугуштуу оорулар сабагынын окутуучусу Орозова Айнур Токтосуновна
  6. Касымова Гулжамал Абдиловна НМУнун окуу бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты.
  7. Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын инфекциялык көзөмөлдөө боюнча башкы адиси Исраилова Бермет.
  8. Нарын райондук ооруларды алдын-алуу жана санитардык эпидемиологиялык борборунун директорунун орун басары Бейшембиева Жибек Иманакуновна.
  9. Баялиева Сайра Баялиевна – санитардык врач, медициналык колледжтин окутуучусу.
  10. Нарын облустук мамлекеттик ветеринардык лабораториясынын директору Алмамбетов Ишенбек Идинович
  11. Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын жетекчиси Мамыров Тазабек Зарлыкович.
  12. Нарын райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башкы эпизоотологу Тыналиев Эсенбай Асиевич
  13. Нарын облустук мамлекеттик ветеринардык лабораториясынын бөлүм башчысы Бекбоев Жолдошбек Бекбоевич
  14. Нарын облустук мамлекеттик ветеринардык лабораториясынын бөлүм башчысы Темикеева Жыргал Темикеевна
  15. С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин директору Жаныбек уулу Рысбек
  16. Нарын агрардык техникалык-экономикалык директорунун окуу иштери боюнча орун басары Чекирова Гулмира Кожобековна
  17. Нарын агрардык техникалык-экономикалык цикл жетекчилери жана педагогдору.

 Сабак-конференциянын сценарийи

  1. Сабак-конференцияны ачылышы
  2. Конференциянын катышуучуларын тааныштыруу
  3. Сабак-конференциянын жүрүшүнө мониторинг кылууга медициналык врач Орозова Айнур Токтосуновнаны жана ветеринардык врач-эпизоотолог Тыналиев Эсенбай Асиевичти чакырылды.
  4. Сабак-конференциянын планы боюнча материалдарды студенттердин арасында талкулоону ветеринардык врач, в.и.к., доцент Орозов Токтосун Султанович жүргүздү.

А). Кириш сөз – (сабак-конференциянын уюштуруп-өтүүнүн максаты, мааниси, багыты).

Б). Студенттерге конференция сабактын темасына байланыштуу суроолор берилди Студенттердин сабак-конференцияга катышуудагы жигердүүлүгүн баалоо боюнча конференциянын президиумунун мүчөлөрү ой-пикирлерин билдиришти.

  1. Сабак-конференцияда катышып отурушкан ата-энелердин, медициналык жана ветеринардык врачтардын студенттерге багытталган ой-пикирлери, каалоолору, сунуштары айтылды.
  2. Окутуу-процессин жогорулатуу, тереңдетүү боюнча С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык-экономикалык колледжинин окуу иштери боюнча директорунун орун басары, педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Чекирова Гулмира Кожобековна сөз сүйлөдү.
  3. Жыйынтыктоо сөз Орозов Токтосун Султановичке берилди.
  4. Кофе – брейк.

КОНФЕРЕНЦИЯ САБАКТЫН МАЗМУНУ:

КИРИШ СӨЗ

Урматтуу ата-энелер!

Урматтуу медициналык врачтар!

Урматтуу ветеринардык врачтар!

Биз, мугалимдер, студенттерибизге, алдынарга максаттарды коё билгиле, анткени максат – омур суруунун кампасы – маягы болот, ошондуктан, студент озу ойлонуп, башын катырып, оз акылы – мээнети менен билим алууга умтулушу керек деп айтабыз. Эгерде,  жеке ой жугуртуусун катыштырбай, ички сезимдерин ойготпой туруп, эске тутуп-сактап алган билими студенттин башындагы олуу жук  болуп эсептелээрин, тушоо сыяктуу болоорун белгилеп келебиз. Негизгиси, озун-озу жаратып, оз тагдырын озу жазаган, ой жугурто билген студент урматтоого татыктуу деп айтып –  тушундурууго багыт алып окутабыз.

Дегеле билим берүү деген эмне – деп, мен бөлөк мугалимдер сыяктуу өзүмө суроо берем. Менин оюмча, билим берүү- бул, акыл-эстин, таанып билүүнүн маданиятына студенттерди ээ кылуу деп билемин.  Билим алууда, окууда, студент өздүк активдүүлүгүн жандандырып,  окуу материалдарын жөн гана кабыл албастан, ага өзүнүн жеке ой-толгоосун пайда кылуу менен материалдарды тийиштуу денгээлде өздөштүрө алса анда анын кесиптик жондомдуулугунун, кесиптик  шыгынын, талантынын ачылышына жана келечекте тийиштүү  жетишкендиктерге жетүүсүнүно шарт тузуучу жалгыз жол ачылат деп билемин. Мындан, кимди, эмнеге, кантип, эмне үчүн окутуш керек деген ой – ар-дайым сабактарды отуу учурда келет.

Ушуга байланыштуу, бугунку сабак-конференцияны, Сиздер менен бирге откоруп жатканыбыздын себеби, студенттерге, мурда өтүлгөн окуу материалдарын кайталоо, бекемдөө, жалпылоо, өздөштүрулгөн билимдерди жаңы белгисиз абалдарда колдоно билүү, ар кандай иш-чараларды уюштуруп – жүргүзө алуу учун пайдалануу жана андан жыйынтык чыгара билуу азыркы күндүн талабы экенин түшундүрүү болуп саналды.

“Сабак-конференция” –окутуу, сабак отуу учурунда  көптөгөн күтүлбөстүктөрдү алып келип, студенттердин жалпы кызыгуусун, кесибине болгон сүйүүсүн, озуно-озу баа берип, озун-озу таанып билип, ой жугуртуп, ойлонуп туруп жыйынтык чыгара ала турган мумкунчулугунун фундаментин калыптандырууга, анын кесиптик билуу сапатын бекемдөөгө шарт түзөт.     Ошону менен бирге, студенттер менен мугалимдердин ортосунда байланыш-катнаш процесси орун алат, оз ара ишенимдин жана жагымдуу маанайдын тузулушунон бирин-бири сыйлоо сезими пайда болот. Ушундай абалда гана студенттердин ортосунда пикир алмашуу, баарлашуу маданияты келип чыгат жана окуу-таануу-билуу ишмердуулугу калыптанат.

          Урматтуу ата-энелер,  врачтар, педагогдор!

Айтылган сөздү негиздеп, сабактын суроо-жооп болүгүн баштоого уруксат этиңиздер!

  1. Эпизоотология илими эмнени окутат?
  2. Эпидемиология илими эмнени окутат? (Эпидемиология – бул, калк арасында жугуштуу оорулардын келип чыгуу шартын, жайылып тарап кетуусун, токтошун жана аларды жок кылууга, алдын-ала сактанууга багытталган иш-чараларды изилдоочу илим).
  3. Оору деген эмне? (оору – бул, кишинин, жаныбарлардын организиминин сырткы жана ички чойронун тийгизген таасирлерине көнө албастыктан келип чыккан бузулган жашоо).
  4. Патогенез деген эмне? (патогенез – кишинин, жаныбарлардын денесинде – организиминде келип чыккан патологиялык процесстин себептери, ар-бир оорунун онугушу, аяктоосу, токтоосу-бүтүүсү жөнүндө айтылуучу түшүнүк.
  5. Инфекция жана инфекциялык ылаң жөнүндө түшүнүк (инфекция – бул – кишинин, жаныбарлардын денеси – организми менен жугуштуу – патогендуу микробтордун бири-бирине көрсөткөн таасиринен пайда болгон жагдай.

Денеге кирген микроб өсүп, өөрчүп, ууларын, ферменттерин жашоо чөйрөсүнө чыгара баштайт.             Алар, нормалдуу физиологиялык процесстердин, ички чөйрөнүн туруктуулугунун бузулушуна алып келет.

Инфекциялык ылаң – бул, жугуштуу оору чыгаруучу микробтордун кишинин, малдын денесинин каршылыгын жеңип, ылаңдын – оорунун клиникалык белгилери билинген учур).

  1. Инфекциялык процесс жөнүндө түшүнүк:

(бул – жугуштуу оорунун козгогучу менен кишинин, малдын организми ортосундагы катнаш).

  1. Инфекциялык ылаңдардын козгогучтары:

(бактериялар, вирустар, мите козукарындар, риккетсиялар, гельминттер ж.б.).

  1. Патогендуулук, вируленттуулук жана патогендуулуктун факторлору (агрессивдүүлүгү, токсигендүүлугү) жөнүндө түшүнүк:

(патогендуулук – бул, оору чыгаруучу – ылаңдатуучу микробтордун кишинин, малдын организминде патологиялык процессти пайда кылууга болгон жөндөмдүүлүгү.

 Вируленттулук – бул, патогендуулуктун даражасы, ченеми).

  1. Инфекциянын түрлөрү:

(экзогендик, эндогендик, табигий, жасалма, реинфекция, жашыруун, суперинфекция, рецидив, вирустук, бакткриалдык, грибдик, алиментардык, респиратордук, топурактык, жаракаттык, контактык, трансмиссивдик).

  1. Иммунитет, иммунитеттин түрлөрү:

Иммунитет – бул, кишинин, малдын организминин – денесинин жугуштуу оорулардын козгогучтарынын тийгизген таасирине карата болгон кабыл албоо абалы.

Иммунитеттин түрлөрү: тубаса, жасалма, жаратылган(активдуу, пассивдуу), стерилдүү (иммунитет микроб организимде жок болсо деле сакталып кала берет), стерилдүү эмес (микроб организимде болот – иммунитет сакталат).

  1. Эпидемиялык процесс, эпизоотиялык процесс – жөнүндө түшүнүк:

эпизоотиялык процесс – жугуштуу ыландын козгогучу, анын берилуу механизми – «козгогучту таратууга туртку болуучу кыймылдаткыч кучтор», кабыл алуучулар – «киши, жаныбарлар» ортосундагы байланыш кубулушу;

эпидемиялык процесс – бул, инфекциянын отушу, м.а. калктын арасында айланып жургон микробтордун кайталап оору жарата берүүсү.

           Эпидемиялык процесс, бири-бири менен байланышып турган 3 элементтен турат:

а). жугуштуу оорунун булагы – оорулу киши, микробту алып журуучулор, сапроноздук оорулар – «оору жаратуучу микробтор айлана-чойродогу объекттерде осуп, кобойуп оору чыгаруучу булак болуп калат»;

б). оорунун таралуучу механизимдери:

  1. зан менен чыгарылып ооздон кируучу инфекциянын таралуу механизми;
  2. Аба, дем алуу органдары аркылуу пайда болуучу инфекциянын таралуу механизми;
  3. Кан соргучтар аркылуу пайда болуучу инфекциялык оорулардын таралуу механизми;
  4. Карым-катнаш аркылуу пайда болуучу инфекциялык оорулардын таралуу механизми.

в). Ооруга чалдыгуучу калк – кабыл алуучулар, коллектив (кабыл алуу же жуктуруп алуу организмде ооруга каршы иммунитеттин болушуна, жашоо шартынын денгээлине жана тамак-аш менен камсыз болгонуна байланыштуу болот).

  1. Эпизоотиялык, эпидемиялык чынжыр жөнүндө түшүнүк.

13.Эпизоотиялык, эпидемиялык очок.

эпидемиялык очок – инфекциянын козгогучунун булагы бар аймак-территориясы(оорулу турган жер, оорулу менен байланышта болгон адам, бити бар кийимдер, оорулу турган жердин патогендуу микробтор менен булганган абаа).

эпизоотиялык очок – ыландын – инфекциянын адеп чыккан жери, м.а. инфекциянын козгогучунун булагы.

Очоктун түрлөрү – жаны очок, эски очок, стационардык – туруктуу очок, табигий очок (жапайы жаныбарлардын арасында айланып журот).

  1. Эпизоотияга, эпидемияга каршы иш-чаралардын милдеттери:

 а) элди, жаныбарларды инфекциялык ыландардан коргоо,

б). мал чарбасынын коопсуз продуктыларын чыгаруу,

в). калкты жаныбарларга жана кишилерге тиешелуу болгон жалпы(зооантропоноздор) оорулардан сактоо.

  1. Инфекциялык ылаңдар менен күрөшүүдөгү негизги багыттар:

(так диагноз коюу, козгогучтун булагын табуу, эпидемиялык, эпизоотиялык очокту жоюу).

  1. Инфекциялык ылаңдар боюнча жалпы жана спецификалык профилактика:

а) жалпы профилактика – мезгил-мезгили менен малды клиникалык кароодон өткөрүү, диспансеризациялоо, жаныдан алынып келинген малды 30 күн карантинде кармоо, малдарды план боюнча изилдөө, М: туберкулезко, бруцеллезко ж.б., территорияны тазалоо, дезинфекциялоо, жайыттардын абалын контролдоо, малды багуу, тоюттандыруу, сугаруу жана эксплуатация кылуу боюнча иштерди контролдоо, малдын оглукторун жана кыкты жыйноо жана жок кылуу;

б) спецификалык профи-а (диагностикалык атайын изилдоолор – лабораториялык, патанатомиялык, клиникалык ж.б., тоют антибиотиктерди, пробиотиктерди, вакциналарды, сывороткаларды колдонуу).

  1. Инфекциялык ылаңдарды жок кылуу жолдору: (карантин, чектоо, изоляция, вакциналоо).
  1. Вакцинациялоонун (эмдөөнүн) түрлөрү – -профилактикалык жана аргасыздан эмдөө.

(Аргасыздан эмдөөдө тирүү вакциналар колдонулат).

  1. Вирустар жөнүндө түшүнүк. Вирустардын физиологиясы жана морфологиясы.

Вирустардын клеткага кириши (адсорбция – самотикалык клетканын оболочкасына жабышуусу, клеткага кириши, ДНКнын жана РНКнын белоктуу кабынан бошонушу, клетканын ядросунун функциясынын жана анын зат алмашуу процессин бузуучу озгочо заттарды пайда кылуусу, вирустун ДНКсынын же РНКсынын молекуласынын окшошторунун синтезделиши, клетканын рибасомунда вирустун белогунун синтезделиши, вириондун жаралышы,     вириондун клеткадан чыгышы.

  1. Вирустардын биологиялык касиети :

(өлчөмү, клеткалык түзүлүштө-курамда эместиги, ДНКдан же РНКдан турат, зат алмашуу процесси өзүнчө жүрбөйт. Вурастардын бул процесси соматикалык клетканын зат алмашуу процесси аркылуу ишке ашат. Вирустар клетканы жабыркатуучу заттарды пайда кылышат, вирион тузот, томонку температурага туруктуу келишет, жаратылышта коп турдуу болушат жана озгоргучтук касиетке ээ болушат).

  1. Вирустук ооруларды(ыландарды) жоюу жана алдын-алуу иш-чаралары:

уюштуруу маселелери;

-спецификалык профилактика;

-химиопрофилактика.

Спецификалык профилактика – тируу, алсызтандырылган, олтурулгон вакциналарды, сывороткаларды, иммуноглобулиндерди колдонуу,  малды карантинде кармоо,  изоляциялоо, диагнозду тактоо, тоют антибиотиктерди жана пробиотиктерди (патогендуу микробтордун антагонист- бактерияларды) колдонуу.

Химиопрофилактика эмнеге багытталып колдонулат?

 а). адсорбцияны жана клеткага кирүүнү токтотууга,

б). вирустун компонеттерин синтезделишин басууга,

 в). вирустун клеткадан чыгуусун токтотууга.

  1. Вируска каршы иммунитет:

(вируска каршы туруктуулук – кишинин, жаныбарлардын клеткаларында вирустун кобойушу учун зарыл болгон шарттын жоктугуна жана канда вирустун өсүшүн басуучу, токтотуучу заттардын бар болушуна байланышта болот).

  1. Эпизоотияга, эпидемияга каршы иш-чаралардын принциптери:

– иш-чаралар мамлекет тарабынан жүргүзүлөт- өткөрүлөт;

– жугуштуу ылаңдар боюнча учет жана отчеттуулуктун милдеттүүлүгү;

– иш-чараладын профилактикалык багытталышы;

– иш-чаралады пландаштыруу;

– иш-чараладын комплекстүүлүгү (бул – эпизоотиялык, эпидемиялык чынжыр жөнүндө болчу сөз).

  1. Инфекциялык ооруларды (ылаңдарды) профилактикалоо – бул мамлекеттик милдет деген – көрсөтмөнү кандайча түшүнсө болот?

А)- чарбалык иш-чараларды  чечүү, жүргүзүү, уюштуруу маселелери, ветеринардык, медициналык – санитардык жумуштарды жүргүзүү (дезинфекцияны, дезинсекцияны, дератизацияны, дезинвазияны жүргүзүү;

Б)- ылаңдын кайрадан пайда болушуна тоскоолдук кылуу иш-чараларын жүргүзүү,

В)- ылаңды (ооруну) өлкөнүн ичинде таратпоо иш-чараларын жүргүзүү.

2021-жылдын 24-25 мартта Азия  Ɵнүктүрүү Банкынын “Секторду ɵнүктүрүү программасы: Инклюзивдик ɵсүү үчүн кɵндүмдɵр” долбоордун алкагында “Социалдык-экономикалык жана гендердик анализдин методологиясы: кесипттик билим берүү сектору” боюнча тренингпилоттук коллледждердин ɵкүлдɵрү менен биргеликте Агардык техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары катышышты. Тренинг эл аралык тренерлер тарабынын жогорку деңээлде ɵткɵрүлдү.
Бүгүн 24-март күнү Агрардык техника – экономикалык колледжинде “Көйкашка” коомдук жаштар бирикмесинин төрагасы, республикалык “Манас таануу” сынактарынын уюштуруучусу, манасчы Нурбек Талантбековдун колледждин студенттери менен жолугушуусу өткөрүлдү. Жолугушууда улутубуздун руху болгон Манас темасында кызыктуу маек жүрүп, соңунда Нурбек Манас эпосунан үзүндү “Алмамбеттин жомогунан” айтып берди. Жолугушуу өтө узакка созулбаганы менен абдан кызыктуу жүрүп, катышуучуларга Нурбектин Манас айтуусу күчтүү таасир калтырды. Ар бирибиздин жан дүйнөбүздө Манас руху жашап турсун!!!

Сегодня 24-марта проходило семинар-тренинг по финансовой грамотности, организованной сотрудниками Нарынским филиалом банка “Бай Тушум” с участием студентов 2-курса специальностей “Финансы”, “Налоги и налогообложение” Аграрно техника-экономического колледжа. Тренинг проходило на высшем уровне, выражаем огромную благодарность Нарынскому филиалу банка “Бай Тушум

04.03.21 8-Март аялдардын эл аралык майрамына карата АЭКтин уюштуруусунда “Университеттин универсал айымдары” аттуу мелдеш оюну өттү. Иш чарага С. Нааматов атындагы НМУ нун баардык факультеттери, административдик чарба, башкаруу аппараты, илимий китепкана жана мугалимдерин билимин жогорулатуу борборунан түзүлгөн командалар катышышты. Өткөрүлгөн иш-чаранын максаты айымдардын көңүлүн көтөрүп, ден-соолукту чыңдоо болду. Жеңишке жеткен командаларга грамота, белектер тапшырылды.

Бугун атайын эркек балдар жана кыздар учун инспектор жана участкалык милиция кызматкери чогулуш жасап, тартип жана тарбия иштери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Чогулушка колледждин баардык студенттери катышты.

Окуу жайыбыздын өнүгүүсү үчүн жумушчуу топтор менен үч тараптуу тузулгөн меморандум өтүү.

Роза Саркелдеева

Кусеин Карасаев - 120 жыл. Поэзия сабагы

АЭКтин 2-3-курстун студенттери 18- январь 2021жылдан баштап, 12- февралга чейин практикага чыгышты.

Бүгүн 23-январь коньки тебүү боюнча С. Нааматов атындагы НМУ нун факультет жана колледждер аралык оюну болуп өттү.
Жыйынтыгында АЭК командасы 2-орунду камсыз кылды

Нарын агрардык-экономикалык колледжинин мугалимдерине google платформаларын колдону,долбоорду жазууну үйрөнүү боюнча 20-22-январь айында семнар өтүлдүү.

Secom Билим берүү жана өнүгүү борборунун окуучулары НМУ га АЭК ке экскурсияга келишти. 15.01.2021 жаңы жылда жаңы кадамдар…

во

волейбол АЭК командасы! Спидке каршы курошуу кунуно карата С. Нааматов атынды НМУ нун кубогу учун откорулгон оюнда АЭК командасы футбол жана волейбол оюндарынан 3-орунга ээ болушту🔥🔥🔥👍👏👏👏👏👏