Кош келиңиздер!

Агрардык — экономикалык колледжинде

Нарын агрардык-экономикалык колледжи (мурунку аталышы — Нарын айыл-чарба техникуму) 1975-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин 3-октябрь № 504 Токтомунун негизинде түзүлгөн. 1996-жылдын 22-майынан тартып техникум, Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы структуралык бөлүмү катарында иш жүргүзүп келет. 2008-жылдын март айында Нарын облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өтүп, Нарын Агрардык-экономикалык колледжи деген аталышка ээ болгон.адистерди даярдоо үчүн тийиштүү деңгээлде шарттар түзүлгөн. Колледж НМУнун Ак – Коргон чөлкөмүндөгү №4 окуу корпусунда жайгашкан. Учурдун талабына жооп берүүчү аудиториялар, компьютердик класстар, кабинеттер, көргөзмө куралдар, лабораториялар, практикалык иштер үчүн атайын имараттар менен камсыз болгон. Алыстан келген студенттер жашоо шартка ылайыкташтырылган жатакана менен камсыз болушат.

БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫ

Биз коррупцияга каршыбыз

Урматтуу

Нарын агрардык-экономикалык колледжинин

студенттери!

  • Бул жерде ар түрдүү суроолорду берсеңер болот.

 

Нарын агрардык-экономикалык колледжинин сыймыгы жана байлыгы -бул жогорку кесипкөй жана тажрыйбалуу окутуучулар курамы. Учурда университетте 14дөн ашуун окутуучулар эмгектенишет

Биздин колледждин студентери

студенттик портал

Биздин колледжинин студентитери бир эле окуда эмес коомдук иштерде , өздөрүүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, ар тараптуу жетишкендиктерди багындырышууда!

УРМАТТУУ АБИТУРИЕНТ!

Келечектеги кесибиңизди туура тандооңуз сиздин жашооңуз үчүн өзгөчө маанилүү. С. Нааматов атындагы НМУнун Агрардык техникалык-экономикалык колледжи сиздин сапаттуу кесиптик билим алууңуз үчүн кызмат көрсөтүүгө даяр. Биздин окуу жайды тандоо менен келечекте мыкты кесиптик билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аласыз. Биздин окуу жайдын кандай артыкчылыктары бар?

Биздин окуу жай учурда Кыргыз Республикасындагы 145 орто кесиптик окуу жайлардын ичинен эң мыкты деп тандалып алынган алдыңкы 8 колледждин бири катары Алдыңкы тажрыйбалар борбору катары түзүлүүдө.

Бѳлүмдѳр жана адистиктер

ВЕТЕРИНАРИЯ

(БЮДЖЕТ)

9-класстын  базасында

11- класстын  негизде

 

2ж. 10 ай

1ж. 10 ай

 

жок

жок

Ветеринардык фельдшер

адистигин тандагандар «Ветеринардык фельдшер» – деген   кесипке ээ болушат. Бул кесип боюнча билим алган студенттер үй жана жапайы жаныбарлардын, канаттуулардын, балыктардын, аарынын, баалуу терилерди берүүчү жырткыч – кемирүүчүлөрдүн жугуштуу жана жугушсуз ооруларына каршы жүргүзүлүүнү жана дарылоону, алардын алдын – алуу иш – чараларын: өз убагында туура диагноз коюп дарылоо, эмдөө, дезинфекция жасоо жумуштарын биздин окуу жайдын жогорку квалификациялуу окутуучуларынан тереңдеп окуп үйрөнөт.

ЭКОЛОГИЯ  ЖАНА АЙЛАНА ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО
(БЮДЖЕТ)
9- класстын  базасында
11- класстын  базасынд
 
 
 
 
 
2ж. 10 ай
1ж. 10 ай
 
 
 
 
 
жок
жок
Техник

Экология жана айлана – чөйрөнү коргоо» бөлүмүн бүтүрүшкөн бүтүрүүчүлөр экологиялык-техникалык инспекцияларында, өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бөлүмдөрүндө, токой чарбаларында, мамлекеттик коруктарда, питомниктерде, улуттук жаратылыш парктарында эмгектенишет.

Бул адистиктин студенттери үчүн чет элдик окуу жайлары менен түзүлгөн келишимдин негизиндеги ар кандай долбоорлордун алкагында чет өлкөлөрдөн стажировкалардан өтүүгө жана билимин жогорулатууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн.

АЙЫЛ ЧАРБА ПРОДУКЦИЯЛАРЫН ӨНДҮРҮҮНҮН ЖАНА КАЙРА ИШТЕТҮҮНҮН ТЕХНОЛОГИЯСЫ

(БЮДЖЕТ)

9- класстын  базасында

11- класстын  базасында

2ж. 10 ай

1ж. 10 ай

жок

жок

Техник

Айыл чарба продукцияларын (эт, сүт) өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясын өздөштүрүп чыга алышат

ФИНАНСЫ

9-класстын базасында

 

11-класстын базасында

 

 

2ж. 10 ай

 

1ж. 10 ай

 

 

жок

 

2ж.6 ай

 

Финансист

Каржы экономиканын башкы таянычы жана кыймылдаткыч күчү. Ал экономиканы көзөмөлдөөдөгү, калыптандыруудагы жана өнүктүрүүдөгү эң негизги каражат. Бул адистиктин ээлерине дайыма суроо талаптар болуп келет.«Каржы» адистигине ээ болгон бүтүрүүчүлөр республикалык, облустук, шаардык  жана райондук каржы мекемелеринде, пенсия, пособие сыяктуу социалдык жөлөк пулдарды чектеген мамлекеттик мекемелерде коммерциялык банктарда жана микрокредиттик компанияларда иштөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Банк иши

9-класстын базасында

11-класстын базасында

 

2ж. 10 ай

1ж. 10 ай

 

жок

жок

 

Банк иши

 

Студенттердин практикалык ыкмаларга ээ болушу жана аларды бекемдөө үчүн казына, банк, салык инспекциясынын финансы органдары жана башка кызматчылары менен ар түрдүү семинарлар жана дискуссиялар өткөрүлүп турат.

САЛЫКТАР ЖАНА САЛЫК САЛУУ

 

9-класстын базасында

 

11-класстын базасында

 

 

 

 

2ж. 10 ай

 

 

1ж. 10 ай

 

 

 

 

жок

 

 

2ж.6 ай

Салык салуу

адиси

Салык төлөө – мамлекеттин каражатын толуктоочу жана кирешени жөнгө салуучу булагы болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүнүн 80 %га жакыны  салык салуу системасы аркылуу толукталып турат. Бул кесипте билим алуучу студенттер жалпы экономикалык билимге ээ болуу менен салыктын түрлөрү, жеке жана юридикалык тараптарга карата салык салуунун өзгөчөлүктөрү боюнча теререң билим ала алышат.

Бул адистиктин  бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик салык органдарында, тиешелүү экономикалык билимди талап кылуучу жеке жана мамлекеттик тармактарда иштей алышат.

УНААДА ЖҮК ТАШУУНУ УЮШТУРУУ ЖАНА БАШКАРУУ

9-класстын базасында

11-класстын базасында

 

2ж. 10 ай

1ж. 10 ай

жок

2ж.6 ай

Техник

Азыркы мезгилде биздин күнүмдүк жашообузду автоунааларсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Күн сайын өлкөнүн аймагындагы эл аралык жана ички жолдор аркылуу унаа түрлөрү менен ар кандай маанидеги жүктөрдү, адамдарды ташуу жүргүзүлүп турат. Ага ылайык азыркы учур унаада жүк ташууну уюштуруу жана башкарууну жүргүзүүчү адистерди талап кылат. Бул адистиктин бүтүрүүчүлөрү транспорт кыймылына байланыштуу ар тармактарда жана мекемелерде иштей алышат.

Электр станциялары, тармактар жана системалар

9-класстын базасында

11-класстын базасында

 

2ж. 10 ай

1ж. 10 ай

 

жок

2ж.6 ай

Техник

Азыркы заманда электр энергиясы биздин жашоо үчүн эң керектүү нерсе болуп калды, биздин турмушту электроэнергиясыз жана жарыксыз элестеттүү өтө кыйын.

Кыргызстанда электр энергиясын негизинен аккан суунун жардамы менен алабыз, келечекте дагы бир топ суу электр станциялары курулса, биздин өлкө энергияны экспортко чыгаруу астында.

ЭЛЕКТР МЕНЕН КАМСЫЗДОО

(БЮДЖЕТ)

9-класстын базасында

11-класстын базасында

 

2ж. 10 ай

1ж. 10 ай

 

жок

жок

Техник

Азыркы заманда электр энергиясы биздин жашоо үчүн эң керектүү нерсе болуп калды, биздин турмушту электроэнергиясыз жана жарыксыз элестеттүү өтө кыйын.Окутуунун жаңы технологияларын пайдаланып, билимдин сапатын жакшыртып, улуттук артыкчылыктарды өнүктүрүү менен атаандаштыкка туруштук берүүчү татыктуу Энергетика тармагында кызмат кылуучу адистерди даярдоо;
      Жаштарды патриоттуулукка, гуманизмге, адамзаттык баалуулуктарды урматтоого жана улуттар арасындагы достукка тарбиялоо.

ТЕХНИКАЛЫК ЭСЕПТӨӨЧҮ КАРАЖАТТАРДЫ ЖАНА КОМПЬЮТЕРДИК ТАРМАКТАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ

(БЮДЖЕТ)

9-класстын базасында

11-класстын базасында

 

2ж. 10 ай

1ж. 10 ай

 

жок

2ж.6 ай

Техник

Жыйырманчы кылым электрлештирүүнүн заманы болсо, жыйырма биринчи кылым компьютерлештирүүнүн заманы болуп калды. Азыркы мезгилде компьютер, уюлдук телефон жана техниканын өнүгүүсү менен компьютерсиз иштөө мүмкүн эмес. Бул адистиктин ээлери компьютердик борборлордо, банктарда, ар түрдүү мекеме –  ишканаларда иштей алат.

Кабыл алуу үчүн документтер

Контракт: 9-11-класстын базасында-16000сом, Сыртан окуу-17000 сом. Колледжге тапшыруу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат: • жеке арыз (документ тапшырганда толтурулат) • медициналык 086-У справкасы • 9 класстын күбөлүгү же орто билими тууралу аттестат (түп нускасы) • Паспорт (16 жашка толо электерге – метрика) • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт • документтерди кабыл алуу үчүн – 450сом +30сом (комиссия) 4405011103005289 РСК банк

Окуу шарттары

9- класстын базасында - 2 жыл 10 ай 11- класстын базасында - 1 жыл 10 ай Учурда колледжде окутуу төмөнкүлөрдө жүргүзүлөт: заманбап жана жабдылган аудиториялар, мультимедия технологиялары жана лицензиялык компьютердик программалар; Мультимедиялык лаборатория - 3; Окуу жана өндүрүштүк тигүү машина "Энергетик" окуу-лабораториялык борбору; университеттин адистештирилген бөлүмдөрүнүн лабораторияларында жана окуу жана Нарын электр тармактар ишканасы ; окуу борборлору жана ишканалардын базалары. Студенттердин өз алдынча иштеши үчүн компьютердик класс Интернетке бекер кире алышат.

Кирүү эрежелери

Колледж Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган жалпы жана жалпы орто билимдүү адамдарды кабыл алат. Колледж жарандардын билим алуу укугуна, Кыргыз Республикасынын Конституциясы менен, тегине, улутуна, жынысына, тилине, социалдык абалына, партияга таандыктыгына, ишенимине же динине карабастан кабыл алынышын камсыз кылат. Колледжге кабыл алуу конкурстук негизде жүргүзүлөт. Сынактын шарттары жарандардын билим берүү чөйрөсүндөгү укуктарынын сакталышына кепилдик берет жана орто кесиптик билим берүүнүн билимдүү программаларын өздөштүрүүгө эң жөндөмдүү жана даярдыгын камсыз кылат. Окууга республикалык бюджеттин эсебинен кабыл алынган студенттердин саны, аларды кабыл алуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган контролдук көрсөткүчтөрдүн (мамлекеттик буйруктун) негизинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан белгиленет. ​